АФК кубогунун алкагында «Нефтчи» Тажикстандын «Хужанд» командасын утуп алды. Оюн эсеби 1:0. Беттештин 51-мүнөтүндө дарбазага голду Александр Игнатенко киргизди.
Таймаш Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өтүп, аны көрүүгө 1 миң 1 00дөн ашык көрүүчү келди. 26-февралда эки команда Душамбе шаарында кайрадан оюн талаасына чыгышат.