Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон кадимки шартта өтүп жатат

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон кадимки шартта өтүп жатат.

Novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,

курорттук эс алуу жайлары жана тоо лыжа базалары туристтерди кабыл алууда.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, кышкы сезондо ачылган Тамчы – Новосибирск

аба каттамы чет өлкөлүк эс алуучулардын Кыргызстанга келишине жакшы шарт түздү.

Бирок, пандемияга байланыштуу учурда россиялык жана казакстандык туристтер эс алышууда.

Башка өлкөнүн жарандары азыраак. Ошондой эле коопсуздукту туристтик милиция камсыздап жатат.