Ошто жаңы жылга карата балдарга белек берилет.
Кеп, Өзгөн районундагы ата-энеси жок мектеп-интернатынын тарбиялануучулары
тууралуу болуп жатат. Novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
29-декабрда 200 балага муктаждыкка жараша белектер ыйгарылат. Ошондой эле
3 компьютер тапшырылат. Бул максатта 300 миңге жакын каражат сарпталат,
сумма өкүлчүлүктүн резервдик фондунан бөлүнүп берилет. Белгилеп кетсек,
быйыл пандемияга байланыштуу Ошто жаңы жылдык майрамдар өткөрүлбөйт