Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кескин азайып жаткандыктан, энергетиктер жарыкты үнөмдөөгө чакырат.
Маалыматка ылайык, учурга карата өлкөнүн башкы резервуарында 8 миллиард 339 миллион кубометр суу бар.
Бул эң аз көрсөткүч болуп эсептелет.
Өткөн жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу, бул 1 жарым миллиард кубометрге аз.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда быйыл суунун аз келүүсү катталып, өлкө энерго кризиске кабылды.