Өлкөнүн толуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, эртең Каракол – Эңилчек,
Бишкек – Ош, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Жаңыбазар — Кировка,
Красная Горка — Ак-Таш жана Казарман — Актал-Чат унаа жолдорунда кар массасы
түшүшү ыктымал. Аталган тилкелерге каттамга чыккан айдоочулар этият болуп,
унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.