Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетти

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 76га жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттиги билдирген.

 

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетсе, жабыркагандардын саны 962 адамды түздү. Буга чейин 73 адам каза болуп, 961 адам жаракат алганы кабарланган.

 

Түркиядагы күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө 30-октябрда катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан.

Жер титирөөдөн Измирде кеминде 20 имараттын кулагандыгы кабарланды.