Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүттөө иштери башталды.
Өлкө башчылыкка 5 талапкер бар. Алар, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев,
«Миллий тикланиш» партиясынын атынан Алишер Кадыров, элдик-демократиялык
партиясынан Максуда Варисова, «Адолат» партиясынын лидери Бахром Абдухалимов жана
Экологиялык партиянын өкүлү Нарзулло Обломурадов. Учурда беш партиянын өкүлдөрү
өздөрүнүн программалары менен калкты тааныштырууда.
Белгилеп кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.