Белорус бийлиги 9-майда парад өткөрүү ниетинен кайтпайт.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдөгү эпидемиалогиялык
абал буга мүмкүнчүлүк берет. Эске салсак, буга чейин Минск шаарынын
бийлиги 9-майда өтүүчү парадды жылдыруу же токтотуу болбойт,
деп билдирген. Белорус учурда европа өлкөлөрү арасында каранти
н киргизилбеген, массалык иш-чараларга чектөө койбогон мамлекеттердин
катарында. Буга өлкөнүн футбол боюнча өткөн чемпионаты мисал боло алат.
Бирок 20-апрелде жарыяланган расмий маалыматка караганда өлкөдө
алты миң 200 адам коронавируска кабылды.
Тастыкталган маалымат боюнча 51 адам каза тапты.