Коронавирус катталган 5 өлкөдө Кыргызстандын 3 миңден ашык жараны бар

Коронавирус катталган 5 өлкөдө Кыргызстандын 3 миңден ашык жараны бар. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдиргендей, эң көбү Түштүк Кореяда – 2 миң 348 кыргызстандык.

 

Кытайда 280, Италияда  352, Иранда 67 жана Японияда 64 кыргыз жараны бар.

 

Бул мамлекеттерде акыркы 30 күн ичинде болгон кыргызстандыктар өлкөгө келгенден кийин 14 күн карантинде болот. Эске салсак, 28-февралда аталган мамлекеттердин жарандарын Кыргызстанга келишине убактылуу чектөө киргизген.