Жалпы жарандык паспортторду колдонуу мөөнөтү узартылды

Жалпы жарандык паспортторду колдонуу мөөнөтү узартылды.

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, 2004 жана 2006-жылкы документтер 1-сентябрга чейин жарактуу болот.

Мындай чара жалпы жарандык паспортторду берүү кармалып жатканынан жана алардын жетишсиздигинен

улам көрүлүп жатат. Андан тышкары, жаңы документтерди ишке киргизүү боюнча көзөмөлдүн жоктугу жана

шалаакылык үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы сөгүш алды, анын орун басары кызматтан алынды.

Премьер-министр тапшыргандай, кызмат кыска мөөнөттө жаңы үлгүдөгү паспортторду бериши керек,

үзгүлтүккө учуроо кайталанса мындан дагы катуу чара көрүлөт.