Токтогул ГЭСинде эски жабдууларды алмаштыруу жүрүп жатат

Токтогул ГЭСинде эски жабдууларды алмаштыруу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти. Эске салсак, станцияда 2016-жылы жабдуулардын эскилиги жеткендиктен, 2 авария катталган. Андан кийин кемчиликтерди жоюу иштери башталды.

 

Объектти жаңыртуу менен Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун 20 пайызга жогорулатуу мүмкүн болот. Муну менен өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугу дагы көбөйөт.