Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 944 миллион кубга түштү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 944 миллион кубга түштү.

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, суунун агып келиши чыгымдан дээрлик эки эсе аз болууда.

Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул маалда башкы резервуардагы көрсөткүч быйылкыдан 1,5 миллиард кубга көп болчу.

Адистер белгилешкендей, суунун азайышы вегетациялык мезгилде мөңгүлөрдүн аз эрип, жаан-чачындын көлөмү аз болгонуна жана керектөөнүн өлчөмү өскөнүнө байланыштуу.