Таласта кайрадан кыш

Таласта кайрадан кыш. Талды-Булак айылында кар жаады. Бул тууралуу облустук жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган айылда кар түндө жаап баштап, азыркыга чейин токтой элек.

 

Анын калыңдыгы 10 сантиметрге чейин жетти. Белгилеп кетсек, өткөн жумада Ысык-Көлдө дагы кар жааган.