Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон партияларга күрөө акысы кайтарылбайт

Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон партияларга күрөө акысы кайтарылбайт.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. 50 миң сомдук күрөөнү кайтаруу үчүн партиялар добуштардын жок дегенде 15 пайызын топтошу керек болчу.

 

Бирок бир дагы саясий ум бул көрсөткүчкө жеткен жок. Ал эми шайлоолорго кайрадан аттана турган партиялар 50 миң сомду дагы бир ирет берип, талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Эске салсак, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңеш шайлоолорунун жыйынтыгы жокко чыгарылды.