Кыргызстанда компенсациялар ай сайын 25 категориядагы жарандарга берилет.
Каражаттын өлчөмү миң сомдон 7 миң сомго чейин экенин Эмгек жана
социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата компенсация алуучулардын саны 42 миң адамды түзүп,
республикалык бюджеттин эсебинен 1,5 миллиард сомго жакын каражат каржыланган.