Жалал-Абад шаарында инновациялык технологиялар борбору курулуп жатат

Жалал-Абад шаарында инновациялык технологиялар борбору курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Курулуш иштерине 64,5 миллион сом сарпталат.

 

Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен алынат. IT-борбор ушул жылдын ноябрында курулуп бүтөт деп пландалууда. Мекеме Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору боло турганы айтылууда.