Жалал-Абад облусунда 14 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулат

Жалал-Абад облусунда 14 миңге жакын “акылдуу” эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, аталган аймакта шаймандарды орнотуу май айына чейин аяктайт.

 

“Акылдуу” эсептегич калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын жүктөөдөн коргоого жардам берип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип турат.