Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат.

 

Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.

 

Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүү каралууда. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйгөндүгү менен байланыштуу, — деди чиновник.