БШК Кербен шаардык кеңешин таркатып, мөөнөткө чейинки шайлоо дайындоо боюнча сунушту президентке жөнөтүү ниетинде. Буга жергиликтүү депутаттар тиешелүү мөөнөт аралыгында 3 ирет шаар мэрин шайлай албай жатканы себеп.
7-июнда жана 5-июлда добуш берүү кворумдун жоктугунан улам болбой калса, 21-июнда талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан. Андан тышкары, жергиликтүү кеңештин 16 депутаты БШКга чакырымды таркатып, жаңы шайлоо дайындоо боюнча арыз жазып кайрылды.