Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүндө “Бирдиктүү терезе” борбору ачылды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүндө “Бирдиктүү терезе”

борбору ачылды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул жерден жергиликтүү

тургундар соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым каттарды ала алышат.

Белгилеп кетсек, «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилгенден тартып зарыл

документтерди чогултууга убакыт үнөмдөлөт. Маалым каттарды алуу

тартиби жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү дагы кыскарат.