Жалал-Абад шаарын жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн 1 миллион сом жумшалды

Жалал-Абад шаарын жаңы жылга карата жасалгалоо үчүн 1 миллион сом жумшалды. Калаа бийлиги каражат майрамга карата көчөлөрдү кооздоого, балатыны жасалгалоого кеткенин билдирди. Белгилеп кетсек, Жалал-Абаддын Эркиндик аянтына орнотулган 28 метрлик балатынын оту кечээ жанды.

 

Былтыркы жылы жаңы жылга карата шаар бийлиги 2 миллион 300 миң сом короткон. Анын 1,5 миллион сомуна жаңы балаты жасалып, калган каражатка көчөлөр кооздолгон.