Жумгал районунда Көкөмерен суусуна балык уулоого кеткен эки балыкчы бир айдан бери дайынсыз болууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, ал эки балыкчы – 42 жана 43 жаштагы эркек кишилер
5-июнь күнү Өрнөк айылында балык уулоого кетип, ошондон бери дайынсыз болууда.
Учурда дайынсыз жоголгон балыкчыларды издөө иштери уланууда. Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган.