Кыргызстанда 23-февралда саат 11де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр Талас районунун Үч-Эмчек айылында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 балл болуп сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.