Ош шаарында жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 700 миң сом жумшалды

Ош шаарында жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 700 миң сом жумшалды. Бул боюнча маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Белгилеп кетсек, буга чейин түштүк калаада жаңы жылды майрамдоого каражат бөлүнбөй турганы айтылган.

 

Бирок жасалгалоо иштерине тендер жарыяланган. Ошто башкы балатынын оту 25-декабрда жанат.