Кыргызстанда жыл сайын 20 миң адам пенсияга чыгат

Кыргызстанда жыл сайын 20 миң адам пенсияга чыгат.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында,

учурда өлкөдө 689 миң пенсионер бар. Алардын 40 пайызы төлөмдөрүн «Кыргыз почтасы» ишканасынан,

ал эми 60 пайызы банк аркылуу алышат. Ай сайын пенсия төлөөгө 4 миллиард сом жумшалат.

Эске салсак, Кыргызстанда октябрь айынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт.

Сумма көтөрүлгөндөн кийин өлкө боюнча орточо пенсиянын көлөмү болжол менен 6 миң 61 сомду түзүп калат.