Жалал-Абад облусунун Аксы районунун бир нече айылдарында мектептерде окуу убактылуу токтотулду. Айыл өкмөтүнүн башчысы Курсан Раайышбековдун айтымында, бул аймакты сел каптаганына байланыштуу.
Ылай аралаш суу массасы 13-майда жүрүп, жергиликтүү мектепти, медициналык түйүндү жана турак-жайлардын короосун каптады.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат. Селдин кесепетин жоюуга атайын техника тартылды. Учурда дагы 50 үй сел каптоо коркунучу алдында турат.