Калаа бийлиги жарандар коомдук жай жана унааларда бет кап тагынбай жүрүшү кооптуу экенин эскертет

Калаа бийлиги жарандар коомдук жай жана унааларда бет кап тагынбай жүрүшү кооптуу экенин эскертет.

Вирус басаңдаганы менен, абал дагы эле жакшыра элек. Мындан улам ордо калаада тиешелүү органдар рейд жүргүзүп жатышат.

Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ордо калаада 1-июндан 10-сентябрга чейин дээрлик 4 миң коомдук унаа текшерилди.

Санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 519 миң сом айып салынып,

284 протокол толтурулду, — деп кошумчалашты муниципалитеттен.