Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакчасы ачылды.
Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки балдар мекемеси 280 балага, алты тайпалык топко ылайыкталган.
Имараттын жалпы аянты 1 миң 463 чарчы, аймагынын аянты 4 миң 900 чарчы метрди түзөт.
Курулуш шаардык бюджеттин эсебинен каржыланды.