Бишкекте Кривоносов көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды

Бишкекте Кривоносов көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп анын Лев Толстойдон Тойгонбаев көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу жүрүп жатат.

 

Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлөт. Иштер “Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында кытайлык гранттын эсебинен жүрүүдө.