Салык кызматында техникалык колдоо номерлери иштеп баштады

Мамлекеттик салык кызматында электрондук салык кызмат көрсөтүүлөрдү техникалык жана консультациялык колдоо кызматы иштей баштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

 

Маалыматта «Салык Сервис» мекемесинин адистери (0312) 51-01-47, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16, (0508) 99-66-69 (Telegram, Whatsapp) номерлери аркылуу техникалык колдоо көрсөтүшөрү жазылат.

 

«Салык кызматынын маалыматтык системаларынын, Salyk.kg «жеке кабинетинин» иштешине байланыштуу техникалык көйгөйлөр боюнча, анын ичинде отчётторду түзүүдө, тапшырууда же башка электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алууда көйгөйлөр пайда болгон учурда кеңеш же жардам ала алышат«, — деп айтылат маалыматта.

 

Мындан тышкары Салык кызматы мекеменин Telegram каналы ачылганын кошумчалашты.