Президенттик шайлоого карата үгүттөө кампаниясы токтотулду

Президенттик шайлоого карата үгүттөө кампаниясы токтотулду.

Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күчү. Бул күнү үгүттөө иштерин жүргүзгөндөр

мыйзамды бузган катары аныкталып, жарыштан четтетилет. Буга карабай,

көчөлөрдө илинген баннерлер кала берет. Аларды алып салуу тууралуу талап жок.

Эске салсак, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо жана

мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда өтөт.

Учурда жарышка 17 талапкер ат салышууда.