Жалал-Абадда жаңы жылдык балатыны орнотуу башталды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, токой сулуусунун бийиктиги 28 метрди түзөт. Балатыны жана шаар көчөлөрүн жаңы жылга карата жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 612 миң сом бөлүндү.
Жалал-Абаддын башкы балатысынын оту 15-декабрда жанат.