Азык-түлүккө баалары эң жогору болгон ЕАЭБ өлкөлөрү аталды

Азык-түлүккө баалары эң жогору болгон ЕАЭБ өлкөлөрү аталды. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, тизменин сап башында Кыргызстан турат.

 

Биздин өлкөдө акыркы бир жылда айыл-чарба продукциясы  23 пайызга кымбаттады. Экинчи орунда Россия турат. Бул жерде индекс 19,5 пайызды түздү. Беларусь жана Казакстанда айыл-чарба продукциясы 14 пайызга кымбаттаса, эң аз, болгону 5 пайызга кымбаттоо Арменияда катталды, — деп билдирет Мир.