Красная речка – Ысык-Ата курорту унаа жолу 1-июлда кыймылга жабылат

Красная речка – Ысык-Ата курорту унаа жолу 1-июлда кыймылга жабылат. Эртең мененки саат 9дан күндүзгү 4кө чейин тилкедеги темир жол өтмөгүндө оңдоо иштери аткарылат.

 

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Жол инспекторлору айдоочуларды каттамдарын эртелеп түзүп алууну сунуштайт. Ал эми Ысык-Ата курортуна Ивановка айылын айланып өтүп жетсе болот.