Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйыл 5 миң 795 гранттык орун бөлүнөт.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттик негизде окууга ЖРТдан жогорку упайларды алган, республикалык олимпиададан 1-2-орундарга ээ болгон жана эл аралык сынактардан сыйланган абитуриенттер өтө алат.
Андан тышкары, мамлекеттин эсебинен атайын квоталар менен жеңилдиктер бериле турчу бүтүрүүчүлөр окуса болот.