Жалал-Абадда 180 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, 2 кабаттан турган мектепке чейинки мекемеге жергиликтүү бюджеттен 7 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.
Ал эми эмеректерин, ашкана буюмдарын сатып алууга шаардагы бир нече курулуш компаниялары демөөрчүлүк кылды.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында 23 бала бакча бар. Анда 4 миң 400дөй бөбөк тарбияланат.