Талас районунда жаңы мектеп курулууда

Талас районунда жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объект Арал айылында пайда болуп, 450 орунга эсептелет.

 

3 кабаттуу билим берүү мекемеси окуу корпусунан, спорт, акты залдарынан жана ашканадан турат. Учурга карата курулуш иштери 85 пайызга аткарылды. Мектеп жыл аягына чейин колдонууга берилет. Долбоордун сметалык баасы 100 миллион сомдон ашты.