Бишкектин №67 мектебинде “акылдуу лаборатория” ачылды

Бишкектин №67 мектебинде “акылдуу лаборатория” ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, билим берүү мекемесине 30 ноутбук жана мультимедиялык интеравктивдүү такта тапшырылды.

 

Жабдуулар бири бири менен байланышып, мугалим менен окуучулардын маалыматты ыкчам алмашууга шарт түзөт. Күтүлгөндөй, долбоор электрондук билим берүү системасын киргизүү, китептердин жетишсиздиги сыяктуу суроолорду чечүүгө жардам берет.