Жардыруу тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды.
УКМКдан билдиришкендей, кечээ милицияга түштө, Бишкектеги соода
борборлорунда «теракт» болоору тууралуу чалуу түшкөн. Ыкчам-издөө
иш-чараларынын жүрүшүндө телефон чалган адам 2 жолу соттолуп,
учурда №1 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткандыгы аныкталды.
Шектүү жаран абактагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын билдирди.
Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,
иликтөө иштери уланууда.