Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды

Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Андан такташкандай, алар №2 форма боюнча шайлоочуларды башка участокко ташып алып баруу, добуштарды сатып алуу, документтерди жасалгалоо аракеттери болушу мүмкүн. Бул жаатта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.