«Ак-Кула» ат майданы жылдырылбайт

«Ак-Кула» ат майданы жылдырылбайт.

Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирет.

Анын айтымында, былтыр 19 миллион сомго эки ирет тендер өткөрүлүп,

бирок бир дагы арыз түшкөн эмес. Азыр ушул багытта иштер жүрүп жатат.

Жаңы курулуштар болот. Бирок ипподром сакталып калат. Эске салсак,

буга чейин ипподромду шаардын сыртына көчүрүп, анын ордуна футбол

талаасы курулары айтылган. Ат майдандын аянты 57,5 гектар, 3 миң орундуу.

Анда улуттук оюндар боюнча мелдештер өтүп турат.