Бишкек мэриясы таштандыны жер алдына чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоор баштап жатат

Бишкек мэриясы таштандыны жер алдына чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоор баштап жатат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, тендер жарыяланды.

 

Арыздар 17-декабрга чейин кабыл алынат.

 

Долбоорду Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Заманбап технологиялар таштандыны чогултуп, сактоо боюнча жаңы системаны киргизүүгө жардам берет. Мындай жол менен Бишкектин көчөлөрү тазарат, — дешти мэриядан.