Ош шаарында бала бакчалар качан ачылары белгисиз

Ош шаарында бала бакчалар качан ачылары белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге түштүк калаа мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров билдирди. Анын айтымында, учурда бардык бакчаларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча даярдыктар көрүлдү.

 

Эми жергиликтүү ыкчам штаб аларды ачуу боюнча чечимди чыгарышы керек. Абсатаров белгилегендей, бакчалардын ачылышы эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды.