Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 90 эмес 88 депутат келет

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 90 эмес 88 депутат келет.

БШКнын маалыматына ылайык, буга себеп бир мандаттуу эки

шайлоо округунда «баарына каршы» графасы көп добуш алган.

Бул аймактарда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Партиялык тизме менен

54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат. Жогорку Кеңештин

жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны эки жуманын аралыгында өтөт.

Эске салсак, БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын

жарыялап, 6 партия жеңишке жетти деп жарыялады.