Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен
Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия жана №56 мектеп жарым-жартылай
карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык
мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, №56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан
20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлдү. Өз кезегинде башталгыч класстын окуучулары
салттуу режимде окуусун улантышууда. “№62 мектептин бардык окуучулары 15-декабрдан
24-декабрга чейин онлайн окушат”, — деп айтылат маалыматта. Билим берүү
башкармалыгы борбордогу жогоруда аталган эки мектеп жана 2 класс
карантинге жөнөтүлгөнүн белгиледи.