Бишкекте алдыңкы 2 күндө айдоочуларга рейд жүрөт

Бишкекте алдыңкы 2 күндө айдоочуларга рейд жүрөт.

Милициянын кайгуул кызматынан бизге билдиришкендей,

өзгөчө көңүл базар аймактарында туура эмес жерге токтотулган

унааларга бурулат. Иш-чаранын жүрүшү ордо калаадагы жол

тыгындарын алдын алуу, жолдо жүрүү эрежелерин көзөмөлгө алуу

максатында. Кошумчаласак, рейд өткөн жумада да ишке ашкан.

Анын жыйынтыгында туура эмес жерге токтогон 87 унаа эвакуацияланып,

176 машина айып короосуна киргизилген.