Жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу материал 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Алсак, 1-январда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 59 сом 50 тыйын болсо, учурда аны 52 сом 90 тыйындан сатышууда.
Ведомстводон белгилешкендей, республика аймагында отундун запасы жетиштүү.
Ошондой эле кызматтын адистери жазгы-талаа иштери маалында күйүүчү майдын орунсуз кымбаттап кетпешине көзөмөл жүргүзүүдө.