Балыкчы — Кочкор темир жолунун ушул  жылга пландалган бөлүгүнүн курулушу 70 пайызга аткарылды

Балыкчы — Кочкор темир жолунун ушул  жылга пландалган бөлүгүнүн курулушу 70 пайызга аткарылды. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече долбоорунун алкагында быйыл беш чакырым жол куруу пландалган.

 

Учурда анын жарымынан көбү аяктады. Ишкана жылдын аягына чейин андан тышкары дагы үч чакырым темир жол куруу ниетинде.

 

Жеринде 28 атайын техника жана 52 жолчу иштеп жатат.