Кубатбек Боронов коронавируска каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов элдин арасынан COVID-19 инфекциясына кабылгандарды аныктоо маанилүү экенин белгилеп, илдет жуктуруп алганы белгилүү болгондор менен байланышкандарды табуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

 

«Жаранда вирустун бар экени аныкталар замат биз аны менен байланышта болгон бардык адамдарды табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Бир ката кетирүү менен ишти кайра башынан баштап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук күчүн жумшап иштеди, ушул багытта улантууну өтүнөм»,-деди Боронов.

 

17-майда Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Анда өлкөнүн вирус чыккан жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү зарыл экени айтылып, Нарын облусуна кошумча мобилдүү бригадалар жөнөтүлөөрү белгилүү болду.