1,5 миң россиялык жаран Кыргызстан жарандыгын алууга арыз берди

1,5 миң россиялык жаран Кыргызстан жарандыгын алууга арыз берди. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди. Анын айтымында, бул жыл башынан берки көрсөткүч.

 

Январдан бери Россиядан Кыргызстанга 192 миң 258 адам келди. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 30 пайызга көп.

 

Эске салсак, сентябрдан тарта биздин өлкөгө келген россиялыктардын саны кескин өстү. Бул жакында эле жарыяланган жартылай мобилизацияга байланыштуу.